Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө

Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө

Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасын мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү ойлонуп жатат. Экономика министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Канттын баасынын кымбатташы – товарларды дүңүнөн алууда баалардын жогорулашына, ошондой эле доллардын жана башка чет элдик валюталардын сомго карата курсунун жогорулашына байланыштуу болууда.

«КРнын ички соодасы жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесине ылайык, өкмөт социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну баалар жылына 20% жана андан ашык жогорулаган кезде 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизет.

Бирок дүйнөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен ведомство 90 күндүк мөөнөткө өсүмдүк майына, кум шекерге бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну сунуштоодо.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң