Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык – иликтөө

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык – иликтөө

Кечээ, 1-декабрь күнү «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон. «ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында, Текебаевге кол салган адамдардын Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык деген жыйынтыкка келишкен.

Буга чейин бул окуя боюнча Токмок шаардык мэриясынын депутаты Чолпон Сыдыкова Өмүрбек Текебаевге кол салгандар Токмоктун мэри Урматбек Самаев менен байланышы бар экенин билдирген.

«Мен Бишкек шаарына депутат Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу боюнча БШКга кайрылганы келгенмин. Кийинчерээк, Өмүрбек Чиркешевичке кол салуу болгону тууралуу видеону көрдүм. Видеодо, Токмоктун азыркы мэринин жакын чөйрөсүндөгү Анарбек Маликов, Кайрат Чокеев аттуу адамдар бар», – деп айткан.

1-декабрь күнү Токмок шаарынын 100дөй тургуну шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткандарга карата видео билдирүү бөлүшүшкөн. Анда, үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылат. Видео «7-каналга» чыгарылган. 

Белгилей кетсек, «7-канал» 2010-жылы азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан негизделген. 2012-жылы Ташиев бийликти басып алууга аракет кылган деген айып тагылгандан кийин телеканалды Икрам Илмияновдун айланасындагы адамдарга сатып жибергени айтылган. Юстиция министрлигинин сайтында «7-каналдын» негиздөөчүлөрүнүн бири Камчыбек Ташиевдин иниси Казыбек Ташиев экени көрсөтүлгөн. 

Шаардык депутат Чолпон Сыдыкова аталган видео Токмок шаарындагы «Мегаполис» аттуу кафеде тартылганын айткан. 

Видеону карап көрө турган болсок, кафенин дизайны 2017-2019-жылдары «Мегаполис» кафесинде тартылган сүрөттөр менен окшош экенин көрүүгө болот деп айтылат иликтөөдө.

Башкача айтканда, шайлоого нааразы партияларга жолдонгон видео билдирүү «Мегаполис» кафесинде тартылганы чындык. Токмок шаарынын тургундарынын билдирүүсүнө караганда, аталган кафе шаардык депутат Медербек Саккараевге таандык. 

Кадастрдык маалыматка ылайык, «Мегаполис» кафеси Медербек Саккараевдин бир тууганы Саккараева Айнагүл Джамангуловнага таандык. 

Видеодогу адамдар Текебаевге кол салуу болгон жерде жүрүшкөн

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында, «Мегаполис» кафесинде отургандар да болгон. 

Чаар-ала моюн орогуч жана тебетей кийген адам ызы-чуунун арасында жүргөнү даана көрүнгөн.

Токмок шаарынын депутаты Чолпон Сыдыкованын билдирүүсүнө ылайык, кол салгандардын арасында шаардын мэри Урмат Самаевдин оң колу Кайрат Чокеев да болгон. Чогулгандар беткапчан болгондуктан, жүздөрү так көрүнгөн эмес. 

Кайрат Чокеев социалдык баракчаларында, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Мындан сырткары, 1-декабрь күнү Фейсбуктагы баракчасына «Митинг каракчылыкка, кан төгүүгө алып келет!» деген билдирүүнү да бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, Кайрат Чокеев июль айында өткөрүлгөн шайлоодо «Бирге» партиясын жетектеп, шаардык кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Урматбек Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарынын мэри болуп шайланган.

«Парк отель» мейманканасынын алдына чогулгандардын арасында Токмок шаарынын дагы бир депутаты Анарбек Маликов болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Чолпон Сыдыкова билдирди. 

Анын айтымында, Анарбек Маликов шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышкан Медербек Саккараевдин иниси болуп саналат.

Мындан сырткары, «Мегаполис» кафесинде митингдерге каршы жыйынга катышкан башка адамдарды да көрүүгө болот.

Уюштурган Урматбек Самаевдин өкүл баласыбы?

2-декабрда Бишкек шаардык милициясы Өмүрбек Текебаевге кол салган деп эсептелген шектүү жаранды кармашты. Маалыматка ылайык ал, Э. Ы аттуу 23 жаштагы жаран болгон. 

Видеодо анын Өмүрбек Текебаевди аркасынан түрткөнүн көрүүгө болот. Чолпон Сыдыкованын «ПолитКлиника» медиасына берген маалыматына ылайык, Ыбыш Эшпаев аттуу бул жаран, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин өкүл баласы жана айдоочусу болуп саналат. 

Жыйынтык: Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын Токмоктун мэри Урмат Самаев менен байланышы бар экени чындык деп айтылат иликтөөдө.

Ал эми Текебаев бул кол салууну саясий террордун башталышы деп атаган.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң