«Кут Строй» курулуш компаниясы санитардык аймакта мыйзамсыз үй курууда – ал жерде пластик, машина майлары иштетилет

«Кут Строй» курулуш компаниясы санитардык аймакта мыйзамсыз үй курууда – ал жерде пластик, машина майлары иштетилет

«Кут Строй» курулуш компаниясы борбор калаанын Чыгыш өнөр жай аймагындагы «Кара-Жыгач» жаңы конушунда курулуш иштерин жүргүзүп, тургундардын ден соолугун коркунучка салып, көп кабаттуу үй салууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына ишкерлер арызданышкан.

Мыйзамга ылайык, өнөр жай аймагы санитардык аймак болуп саналгандыктан, ал жерде үй курууга уруксат берилбейт. Бирок мамлекеттик органдар эмнегедир курулуш иштерине уруксат беришкен.

Ал эми «Кут Строй» компаниясы болсо ал жерде көп кабаттуу үй салып баштаган. Ал салынып жаткан үйдүн терезелеринен пластиктерди сорттогон, машина майларын иштеп чыгарган, ал эле эмес жаныбарлардын да ичегилерин иштеткен ишкана көрүнүп турат. Ал эми бир километрдей алыстыктан аймактан өндүрүштө колдонулган химикаттын жыты келип турат.

Компаниянын сайтында «өзүнүн өзгөчө шарттарынан улам бул комплекс беш айда эле бүткөрүлгөн. Ал эми 2021-жылдын күзүндө үй пайдаланууга берилет» деп жазылган.

Аталган үй Исакеев менен Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде курулууда жана ал комплекс «Келечек» деп аталат.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң