«МИК» «Бакай Банк» менен «Мурабаха» келишимин түздү – ал шариатка ылайык ипотекалык кредит берет

«МИК» «Бакай Банк» менен «Мурабаха» келишимин түздү – ал шариатка ылайык ипотекалык кредит берет

Кечээ, 1-декабрда «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен «Бакай Банк» ААК Агенттик «Вакаля бил-истисмар» келишимине кол коюшту. Бул тууралуу «МИКтин» маалымат кызматы кабарлады.

Бул келишимге ылайык, «МИК» ААК өзүнүн Агенти (Вакил) катары ИФБ «Бакай Банк» ААКсын дайындайт, ал Мурабаха келишимине (б.а. бөлүп-бөлүп сатып алуу-сатуу бүтүмүнө) ылайык ипотекалык продуктуну чыгарат.

Ушул Агенттик макулдашуунун алкагында «МИК» ААКсы турак жай программасынын катышуучуларына исламдык каржылоонун принциптери (ИКП) боюнча ипотекалык продуктыларды чыгаруу үчүн инвестициялык каражаттарды ААКтын Ислам финансылык борбору (ИФБ) аркылуу берүүнү пландаштырууда.

«Жакынкы арада Кыргызстандыктар биринчи жолу шариатка жооп берген мамлекеттик ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. ИФБ Кыргызстандагы жана КМШдагы биринчи ислам терезеси болуп саналат, ал «Бакай Банк» ААКсында түзүлгөн жана ислам принциптерине ылайык каржылык кызматтарды көрсөтөт. ИФБ Улуттук банк тарабынан лицензияланган, ал каржылоонун ислам принциптери боюнча каржылоого мүмкүндүк берет», – деп билдиришти уюмдан .

ИФБ өз ишин «КРнын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» КРнын Мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсебин жана аудитин уюштуруунун шарият стандарттарына ылайык жүзөгө ашырат.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң