Швейцария Кыргызстандын кышкы туризмин өнүктүрүүгө 320 млн сомго жакын каражат берди

Швейцария Кыргызстандын кышкы туризмин өнүктүрүүгө 320 млн сомго жакын каражат берди

Швейцария кышкы туризм тармагында иштегендерге татыктуу жумуш жана киреше менен камсыз кылуу үчүн 3.5 млн швейцар франкын (болжол менен 320 млн сом) бөлгөн. Долбоор 2-декабрда башталды.

Долбоор Каракол шаарында, кийинчерээк өлкөнүн башка аймактарында лыжа тебүү, муз тебүү, кар тебүү жана башка кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

«Биргелешкен аракеттерибиз менен кышкы туризмди өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетише алабыз деп ишенем. Анан калса, өлкөбүздүн атагын чыгарып, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн эффективдүү механизмин түзө алабыз», – дейт Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова.

«Кыргызстандын туризми көптөгөн адамдар үчүн киреше жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, экономикалык өсүштүн маанилүү кыймылдаткычы боло алат. Кыргызстандын өкмөтүнө жана башка жергиликтүү өнөктөштөргө жеке секторду, анын ичинде туризм секторун өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү Швейцариянын кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», – деди Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер.

Швейцариялык долбоор ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана экологиялык маселелерге да багытталат. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга долбоордун негизги жумуштары жана пландаштырылган иш-чаралары тааныштырылды.

Долбоордун биринчи фазасы төрт жылга эсептелген жана аны Хелветас Кыргызстан ишке ашырууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң