Министрлер Кабинети электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда

Министрлер Кабинети электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда

Министрлер Кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди. 

Министрлер Кабинетинин башчысы транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

«Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. КРнын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», – деди ал.

Ошондой эле төрага Мамлекет башчы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң