Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына КРнын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады.

Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат орундарына 9 талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына 7 талапкерге, жалпы 16 талапкерге сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен  Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын жогоруда аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Баткен облусу

  • Баткен облустук соту:

Абышова Кундуз Сабырбековна

  • Кадамжай райондук соту:

Ажиматов Улан Абдыкаарович

Тажибаев Илязбек Курванбекович

  • Лейлек райондук соту:

Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович

  • Сүлүктү шаардык соту:

Эрматова Гулзат Муктаровна

Кызыл-Кыя шаардык соту:

Адимов Акылбек Акматович

 Ош облусу

  • Кара-Суу райондук соту

Гуламидин уулу Элчибек

Ош шаардык соту:

Турдалиев Ниязбек Назарович

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту:

Чоноев Чынгыз Мелисович

Жалал-Абад шаардык соту:

Ганиев Жоомарт Махамадисакович

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

Кыдыралиева Нурзат Амантуровна

Талас облусу

Талас шаардык соту:

Суйналиев Дамир Суйунтаевич

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

Бекбаева Нурия Хусаиновна

Накешова Минура Асылбековна

Токтосунов Шарабидин Бекташевич

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң