Лукашенко Бакиевдерден 1.6 млн доллар пара алган – BYPOL

Лукашенко Бакиевдерден 1.6 млн доллар пара алган – BYPOL

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Беларустун президенти Александр Лукашенкого 1 млн 600 миң доллар өлчөмүндө пара бергенин Беларустун коопсуздук күчтөрү BYPOL, 3-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө билдиргенин Kloop.kg жазып чыкты.

BYPOL Лукашенкого пара бергендер боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Алардын айтымында, пара бергендердин сап башында Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жубайы — Айжан Кененбаева турат.

«Чоочун адамдын аялы карыган паракорго эмнеге мынчалык ыраазы болот? Албетте, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн Белорусияда баш калкалоосу жана коопсуздугу үчүн берилген. Расмий Минск кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча Бишкектин өтүнүчтөрүнөн такай баш тартканы үчүн», – деп билдиришкен коопсуздук кызматкерлери.

BYPOL маалымдагандай, атактуу Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard Лукашенконун автопаркында пайда болгонун дүйнөнүн бардык ММКлары чагылдырган эле. Автоунаанын баасы 1.4 млн евродон кем турбайт. BYPOL берген маалымат боюнча, Владимир Путинде деле мындай люкс брондолгон лимузин жок. Бул параны мурдагы Бакиевдин үй-бүлөсү анын келини Айжан Кененбаева аркылуу өткөрүп бергени атйлган болчу.

Кошумчалай кетсек, BYPOL 2018-жылы чыгарылган Harley-Davidson мотоцикли Кененбаевге 26.5 миң долларга берилгенин билдирген.

Бакиевдердин үй-бүлөсүнө берилген паранын жалпы суммасы 1.6 млн доллардан кем эмес болгон.

Беларустун мурдагы жана азыркы коопсуздук кызматкерлеринин биримдиги бул сумма акыркы эмес экенин жана анын саны бир нече эсе көп болушу мүмкүн экендигин белгилешкен.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң