Кызыл-Кыяда жаңы соода-логистикалык борбору курулат

Кызыл-Кыяда жаңы соода-логистикалык борбору курулат

Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 50 млн долларга (4.23 млрд сом) каржыланган Баткен облусунун региондук экономикасын өнүктүрүү долбоорунун II фазасынын алкагында Кызыл-Кыя шаарында жаңы соода-логистикалык борбор курулат.

Экономика министрлигинде бул долбоорду ишке ашырууну министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлү Мелисса Браун менен талкуулаганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында белгиленгендей, логистикалык борбордун жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Анда 3 миң тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн жабдуулар сакталган 12 муздаткыч камера орнотулат.

Economist.kg буга чейин маалымдалгандай, Дүйнөлүк банк Баткен облусунун бир нече секторлоруна максаттуу интервенциялар аркылуу экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу боюнча алты жылдык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун болжолдуу суммасы 50-60 млн долларды түзөт.


Бул долбоор алты компонентти камтыйт:
  1. Аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу
  2. Муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо
  3. Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо
  4. Чакан ишканаларды колдоо үчүн чакан гранттар программасын ишке ашыруу
  5. Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалга жооп берүү
  6. Ишке ашырууну колдоо, мониторинг жана долбоорду баалоо.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң