Жылдык акча айлантуусу 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардан бошотулат
Жылдык акча айлантуусу 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардан бошотулат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды.
Анын айтымында, чакан бизнес ээлери эгерде жылдык акча айлантуусу 8 млн сомго жетпесе, соцфонд менен киреше салыгынан башка салыктардан бошотулат.
«Жылдык жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат», – дейт ал.