«Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйдү

«Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйдү

«Айыл Банк» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) уставдык капиталын 2.5 млрд сомго көбөйттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди.

Анын айтымында, банкты кошумча капиталдаштырууга каражат республикалык бюджеттен каралган. Кошумча капиталдаштыруудан кийин «Айыл Банктын» уставдык капиталынын көлөмү 6 млрд 24 млн сомго жетти.

Букабаев «Айыл Банктын» капиталынын көбөйүшү чоң окуя экенин белгилеп, бул экономиканы өнүктүрүү программалары боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Айыл Банктын башчысынын айтымында, кошумча капиталдаштырууга багытталган 2.5 млрд сом кайрадан экономикага агылып, бул экономиканын өнүгүшүнө мультипликациялык таасирин тийгизет.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң