Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ишке кирди

Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ишке кирди

Кыргызстанда бут кийим чыгаруучу ишкана ишке кирди. Кечээ, 6-декабрда Инвестициялык агенттиктин өкүлдөрү аталган объектке барышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорду ишке ашыруу быйыл «Хейлунцзян» ЖЧКсы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча мурдагы долбоордон түшкөн кирешесин реинвестициялоо менен баштаган.

Өндүрүштүн өлкөдө аналогу жок, ишкана импортту алмаштырууга жана экспортко багытталган – 40%дан ашыгы Казакстандын рыногуна экспорттолот. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу боюнча айтсак, ал жылына 600 миң жуптан ашык бут кийим чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет. Мындан тышкары, компания өндүрүш линиясын кеңейтүүнү жана спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда.

Буга чейин, 2018-жылы агенттик «Хейлунцзян» компаниясын жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду колдогон болчу. 2019-жылдын 28-августунда Кыргызстанда биринчи жолу, жалпы инвестициясы 2 млн доллардан ашык болгон жогорку сапаттагы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруучу фабриканын салтанаттуу ачылышы болгон эле.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң