«Манас» аэропорту Нурсултан Назарбаев аэропорту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«Манас» аэропорту Нурсултан Назарбаев аэропорту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«МЭА» ААКнын жетекчилиги Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунун 90 жылдыгына карата 2-4-декабрда Казакстандын аэропортунда болушту. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев, «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропорту» АК Башкармалыгынын төрагасы Габит Тажимуратов менен жолугушту.

Жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Төмөнкү багыттар боюнча достук өнөктөштүктү бекемдөө милдеттери коюлган:

  • Тараптар өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана тажрыйба алмашууга макулдашышты
  • Тараптар Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы түз аба байланышын өнүктүрүү боюнча макулдашышты
  • Тараптар Көкшетау менен Ысык-Көлдүн курорттук аймактарынын ортосундагы аба байланышын өнүктүрүүгө күч-аракет жумшай тургандыктарын макулдашышты
  • Кызматташтыкты чыңдоо жана эки тараптын рыногун жакшы түшүнүү максатында тараптар жетекчиликтин иш сапарлары уюштурулат
  • Бул өз ара түшүнүшүү меморандуму орус тилинде эки нускада түзүлдү
  • Тараптар биргелешкен иштерди координациялоо жана жүргүзүү жана кызматташуунун жогорудагы максаттарына жетүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүшөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 25-сентябрындагы Казакстан Республикасы менен КРнын авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы эки өлкөнүн аэропортторунун ортосунда авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча «МЭА» ААК жетекчилиги Казакстандын борбор шаарындагы аэропортуна барышкан эле.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң