«Оптима Банк» жарнамасында колдонгон туура эмес картаны мыйзам бузуу деп эсептебейт

«Оптима Банк» жарнамасында колдонгон туура эмес картаны мыйзам бузуу деп эсептебейт

«Оптима Банк» ААКы өз жарнамасында КРнын бурмаланган картасын пайдалануусу мыйзам бузуу экендиги менен макул эмес. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги интернетте kg зонасында таратылган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Оптима» ЖЧКсынын расмий сайтында жарнакты таратуу фактысы аныкталган. Банк» ААКсы (https: //www.optimabank.kg/ru /about-rus.html шилтемесинде), КРнын бурмаланган картасын чагылдырган. Тактап айтканда, картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы КРнын аймагына кирбей калган.

Геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин жообунда «Оптима Банк» ААКсынын сайтында жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын картасынын графикалык сүрөтү Кыргыз Республикасынын расмий картасына, контурларына туура келбей тургандыгы көрсөтүлгөн, аймактык чек аралар бурмаланган.

«Оптима Банк» ААК өзүнүн жарнактарында КРнын бурмаланган картасын колдонуу мыйзам бузуу болуп саналганына макул эместигине байланыштуу бузуулар жөнүндө протокол жана экспертизанын корутундулары Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын кароосуна жиберилди.

Комиссия, «Оптима Банк» ААКнын өкүлдөрүнүн катушуусу менен, бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, жүз жетимиш эсептик көрсөткүч түрүндө жаза чарасы колдонулсун деп токтом чыгарды.

Ал эми аталган банк болсо, бул крн мыйзам бузуу деп эсептебегенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң