Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалды

Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалды

Эскерте кетсек, 4-ноябрда президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындаган. Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы менен президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.

Жаңыдан судья болгондордун арасында өлкө башчынын мурдагы адвокаты Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп келди.

Белгилей кетсек, Токтосунов Садыр Жапаровду 2012-жылы «Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылуу» иши боюнча, 2013-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык башаламандык уюштурууга жана Эмил Каптагаевди барымтага алууга айыптаганда сот иштеринде аны жактап келген.

Ал эми Токтосунов бул кызматка конкурс аркылуу келгенин Vesti.kg басылмасына: «Мен судьялыкка талапкерлигимди көрсөтүү үчүн арыз жазган конкурс жарым жылга созулду. Өткөнүмө аябай сүйүндүм, эми иштеш керек», – деп айткан.

Ал эми судьялык кызматка президенттин аркасы менен келди деген сөздөргө Токтосунов жооп берүүдөн баш тарткан.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң