Сот монополияга каршы органдын «Айыл Банкка» карата айып салуу боюнча арызын канааттандырган жок

Сот монополияга каршы органдын «Айыл Банкка» карата айып салуу боюнча арызын канааттандырган жок

Сот «Айыл Банк» ААК монополияга каршы органдын айып салуу боюнча чечимине карата арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, «https://ab.kg/» шилтемесинде,  ECO акциянын мөөнөтү көрсөтүлбөгөн «Айыл Банк» ААК жарнамасы таратылып жаткан. Ал «Жарнама жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-абзацына ылайык келбейт жана жазгырмалуу жарнама деп эсептелет, анткени ECO акциянын мөөнөттөрү жөнүндө олуттуу маалыматы жок деп билдирген эле агенттик.

Аталган мыйзамдын беренесине ылайык, эгерде жарнамада жеке жактардын ишеничин же алардын тажрыйбасынын жетишсиздигин кыянат пайдалануунун аркасында, жарнамалалган товарга карата керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, ошондой эле жарнамада олуттуу маалымат жок болсо, андай жарнама жазгырмалуу жарнама деп эсептелет. 

Ушул себептен, жарнакка буйрутма берүү, жасоо жана аны жайылтуу эрежелерин бузган үчүн, «Айыл Банк» ААК бузуу жөнүндө протоколу түзүлгөн.  «Айыл Банк» ААК өкүлү бузуу фактысы менен жана жаза чарасы менен макул болгон эмес.

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы «Айыл Банк» ААК  3 категориясындагы 170 эсептик көрсөткүч саналган (17000 миң сом) айып пул түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомун чыгарган.

2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун кароосунун жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» ААК,  Мамагенттиктин айып пул түрүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомун жокко чыгарууга карата даттануусун канааттандыруусуз калтыруу чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң