«Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык

«Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык

«Манас» эл аралык аэропортунун» кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда, 3 млрд 21 млн сом, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын Генералдык директору Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо 2 млрд 100 млн сом киреше тапкан.

«Быйыл биз бул көрсөткүчтөрдү пандемияга карабастан ашып өттүк, ишкананын кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда 3 млрд 21 млн сомду, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд 136 млн сомду түздү. Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы бир ай бар жана сандар өзгөрүшү мүмкүн», – деди ал.

Ал белгилегендей, каржы көрсөткүчтөр аба жүктөрүнүн эсебинен дагы өскөн. Пандемиядан улам унаа, темир жол аркылуу  жүктөрдү алып келүү токтогондуктан, жүк ташуучу каттамдар көбөйгөн.

Эскерте кетсек, аэропорттун акцияларынын наркы тынымсыз өсүп жатканын Кыргыз фондулук биржасы да тынбай билдирүүдө.

2021-жылдын 10 айында «МЭА» ААКсы 3 млн 240 миң 285 жүргүнчүнү тейлеген. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 2.7 эсеге өскөн. 2021-жылдын 1-январынан 31-октябрына чейин 27 432 каттам аткарылган. Кошумчалай кетсек, 10 айда кайра иштетилген жүктүн көлөмү 19551.1 тоннаны түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң