Энергетика министрлиги: КР 300 млн кВт/саат электр энергиясын Казакстанга кайтарып берди

Энергетика министрлиги: КР 300 млн кВт/саат электр энергиясын Казакстанга кайтарып берди

КР 300 млн кВт/саат электр энергиясын Казакстанга кайтарып берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, кыргыз тарап Казакстанга 2021-жылдын июнь-август айларында буга чейин алынган 300 млн кВт/саат электр энергиясын кайтарып берди. КРдан Казакстан Республикасына кайтарылган электр энергиясы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтеринде өндүрүлөт, ал эми керектелген суунун көлөмү көрсөтүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалат.

Энергетика министрлиги Казакстанга Токтогул суу сактагычынан кошумча агызылып берилген маселеге эмне дейт?

КРнын калкын жана экономикасын электр энергиясынын зарыл болгон көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сактоо максатында КРнын жана Казакстан Республикасынын Энергетика министрликтери тарабынан электр энергиясын өз ара жеткирүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ага ылайык, казак тарап 2021-жылдын жаз-күз мезгилинде КРга 900 млн кВт/саат электр энергиясын баштапкы берүүнү ишке ашырууда. Келишимдин негизинде 2021-жылдын мартынан май айына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан 420 млн кВт/саат электр энергиясы алынган, бул көрсөтүлгөн мөөнөттө Токтогул суу сактагычына кошумча суу топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, деп айтылат билдирүүдө.

Бекешев: Казакстанга качан, канча көлөмдө суу бердик, так маалымат бергиле

Энергетика министрлиги ар бир куб метр суу электр энергиясына айлангандыктан, гидроагрегаттарды айланып өтүүчү суу кошумча коё берилбестигин жоопкерчилик менен билдирет.

Эскерте кетсек, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң