«Мен сени эки чайнап, бир жутам» деп коркуткан министр Алымкадыр Бейшаналиевдин үстүнөн президентке арыз түштү

«Мен сени эки чайнап, бир жутам» деп коркуткан министр Алымкадыр Бейшаналиевдин үстүнөн президентке арыз түштү

Улуттук кардиология борборунун жамааты Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн президетке арыз жазышкан. Буга себеп Министр Бейшеналиев кызмат абалынан пайдаланып, Улуттук борбордун директору Акбай Сарыбаевдин үстүнөн куугунтуктоону күчөткөнү себеп болгон.

КР президенти Садыр Жапаровго, көчүрмөсү КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Улуттук кардиология жана терапия борборунун 500 адамдан ашык эмгек жамаатынын атынан жазылган арызда министр Бейшеналиев жакында эле КРнын эмгек сиңирген дарыгери наамын алган, медицина илимдеринин доктору, тажырыйбалуу илимпоз, кардиолог Акбай Сарыбаевди жамааттын көзүнчө кагып-силкип жумуштан кетиргени айтылат.

«КРнын прокурору Курманкул Зулушев 16-ноябрда антикоррупциялык кеңешмеде Алымкадыр Бейшеналиевдин айынан 179 млн сомдук жараксыз вакцинаны сатып алышкан деген айыпты угузган министр ушунчалык ызы-чуулуу кекчил болобу? Акбай Сарыбаевди эмес Бейшеналиевди ойлонбой туруп камай турган маалыматты өлкөнүн башкы прокурору айтып жатпайбы. Ошол министр татынакай иштеп жаткан Улуттук борбордун директорун, илимдин докторун, профессорду, КРга эмгек сиңирген дарыгерди кордоп, жамаатынын көзүнчө сөгүп-сагып жумуштан алышка Алымкадыр Бейшеналиевдин моралдык укугу бар беле? Дагы 2 айдан кийин Акбай Сарыбаев пенсия жашына келмек. Министр өтүнүп суранса, ал өзү деле жетекчилик орунду бошотуп бермек. Адамгерчилиги жана маданияты жок, 500дөй кызматкердин назарынан калган бул минстрдин моралдык этикасына жана билимсиздигине ким жооп берет?» – деп айтылат арызда.  

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң