94 мамлекеттик ишкананын 29 гана кирешелүү – Мүлк фонду

94 мамлекеттик ишкананын 29 гана кирешелүү – Мүлк фонду

Өткөн жылга салыштырмалуу акционердик коомдордун кирешелери эки эсе өстү. Бирок ошол эле кезде 94 мамлекеттик ишкананын 29 гана кирешелүү болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров брифингде билдирди.

Эгерде 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше 3 млрд 367 млн сомду түзсө, 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 6 млрд 880 млн сомду түздү. Бакировдун айтымында, жыл жыйынтыгы дагы жогору болушу күтүлүүдө.

Бирок 9 айдын жыйынтыгы боюнча 94 мамлекеттик ишкананын 29 гана кирешелүү болуп табылган.

«Кирешесиз бюджеттен каржылангандары да, өзүн өзү камсыз кылган ишканалар да бар. Биз министрлер кабинетине мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу сунушу менен кат жолдогонбуз. Кээ бир учурларда биз биригүүгө, жоюуга, статусун мамлекеттик ишканадан мамлекеттик мекемеге өзгөртүүгө мажбур болобуз», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстан Кыргызстанга мунай  жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

Казакстан Кыргызстанга мунай жеткирүүнү көбөйтүп, Өзбекстанга транзитти жандантат

"КазТрансОйл" акционердик коомунун маалыматына ылайык, Казакстан декабрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү көбөйтүп, ошондой эле Өзбекстанга нефть транзитин кайра жандандырат. Маалыматка ылайык, Казакстан 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга нефть жеткирүүнү кайра баштаган. Буга чейин мындай жеткирүүлөр акыркы жолу 2017-жылы жүргүзүлгөн. "2025-жылдын аягына чейин “КазТрансОйл” Кыргызстанга 30 миң тоннага чейин

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумунда өлкөнүн инвестициялык стратегиясы жана соңку жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ал акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы 11 айда ИДП өсүшү 10,2%га жеткенин белгиледи. Ошондой

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында "ЭКО-Чаткал 2035" улуттук форумы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты. Форум Чаткал районун туруктуу өнүктүрүү, климаттык каржылоо механизмдерин колдонуу жана улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү маселелерине арналды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Кыргызстанда транспорт каражаттары үчүн жаңы үлгүдөгү техпаспорт тааныштырылды

Президентке караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо автоунааларды каттоо тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүк (техпаспорт) жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу унааларды онлайн кайра каттоо кызматы тааныштырылды. Жаңы техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, эскирүүгө абдан туруктуулугу жана жасалма паспорттон күчөтүлгөн коргоосу менен айырмаланат. Документте