АКШ КРга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

АКШ КРга Pfizer вакцинасынын кошумча 49 миң дозасын тапшырды

10-декабрда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) КРга COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын КРгы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды КРда COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Бул АКШ тарабынан КРга берилген Pfizer вакциналарынын экинчи жолу жеткирилиши. Биринчи партия 2021-жылдын 27-октябрында келген.

Пандемия башталгандан бери, АКШ КРга COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат, деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш аянттарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жеринде көрүп чыгышты. Министр

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү

Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар кызматы "СААБ Строй" ЖЧКсы компаниясынан 4 млн 230 миң 477 сом өлчөмүндөгү салык карызын өндүрүп, каражатты Салык кызматынын пайдасына өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмү аткаруу өндүрүшүнүн алкагында көрсөтүлгөн сумманы толук өндүрүүнү камсыз кылган. Белгиленгендей, аткаруу өндүрүшү Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде козголгон.

Министр Т.Солтобаев асфальт-бетон заводунун жазгы сезонго даярдыгын текшерди

Министр Т.Солтобаев асфальт-бетон заводунун жазгы сезонго даярдыгын текшерди

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен “Сокулук №8” асфальт-бетон заводуна барып, ишкананын жазгы курулуш мезгилине болгон даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, техникалык абалын жана асфальт-бетон аралашмасын чыгаруу процесстерин жеринде көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл асфальт-бетон заводунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз