Чаткалдагы алтын өндүрүүчү «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын иши эки айга токтоду

Чаткалдагы алтын өндүрүүчү «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын иши эки айга токтоду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылында жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам кыргыз-түрк алтын өндүрүүчү «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын иши эки айга токтотулганын 24.kg агенттигине айыл тургундары билдиришкен.

Анда жергиликтүү тургун Юлдаш Даминовдун айтымында, 12-декабрда айыл тургундары заводго баруучу жолду тосуп алышкан.

«Биз президент Садыр Жапаровдун келишин талап кылганбыз. Анткени жергиликтүү жана аймактык жетекчилер биздин көйгөйлөрдү чече алган жок. Бирок бизге облус акиминин орун басары келип, эки айга комиссия түзүлүп, алтын казган компаниянын ишин, экологияга, жергиликтүү элдин ден соолугуна тийгизген таасирин иликтей турганын айтты. Жолду ачтык, бирок боз үйдү бузбай койдук. Ал түрк компаниясы менен болгон маселе чечилмейинче тура берет», – деген Юлдаш Даминов.

Эскерте кетсек, буга чейин деле жергиликтүү тургундар менен ишкананын ортосунда келишпестиктер болуп келген. Ушул жылы 9-сентябрда Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, митингге чыгышкан болчу. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ишкананын ишмердүүлүгү абаны булгап, балдардын оорусуна себеп болууда. Эң чоң көйгөй чаң болууда деп билдиришкен эле алар.

  • «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү Кыргызстандык «Кыргызалтынга»75%ы Түркиялык «Эти Бакыр» ААКга таандык. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплекти куруу 200 млн долларды талап кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады

Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К. С. Досматов ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушту. Анда оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү маселелери каралды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү жана социалдык колдоонун сапатын жогорулатуу талкууланды. Ошондой эле

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги 4 жылда 63 даттанууну карап  чыккан

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги 4 жылда 63 даттанууну карап чыккан

2022-жылы инвесторлордун даттанууларын кароо тартиби бекитилгенден тарта, 2026-жылдын январь айына чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жалпысынан 63 даттануу келип түшүп, анын 61и толук каралып, чечилген. Агенттиктен билдиришкендей, 2022–2024-жылдары 35 даттануу каралса, 2025-жылдын ичинде бул көрсөткүч 24тү түзгөн. Улуттук агенттик инвесторлорду төмөнкүдөй негизги маселелерди чечүүдө коштоп келет: * Салык органдарынын аракеттери

Салык кызматы кафе-ресторандарда фискалдык чек талап кылууга чакырат

Салык кызматы кафе-ресторандарда фискалдык чек талап кылууга чакырат

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу жайларында эсептешүү учурунда кардарларга контролдук-кассалык машинанын (ККМ) фискалдык чеги милдеттүү түрдө берилиши керектигин эскертет. Маалыматка ылайык, айрым кафе жана ресторандарда фискалдык чектин ордуна кардарларга эсептик программада түзүлгөн пречек же буйрутма тууралуу маалыматтын сүрөтү берилүүдө. Бирок мындай документтер фискалдык чек болуп эсептелбейт, төлөмдү тастыктабайт жана салык

Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

Кыргызстан КТАЭДдин кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатат

2027-жылдын 1-апрелине пландалган Казып алуучу тармактардын ачыктыгы боюнча эл аралык демилгенин (КТАЭД)) кезектеги валидациясына даярдык көрүп жатканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Ведомство тоо-кен тармагындагы ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдалануучулар жана компаниялардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтарды ачыктоо иштерин улантууда. Кыргызстан глобалдык КТАЭДге 2004-жылы