Финансы министри: «Кумтөрдүн» алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматым жок

Финансы министри: «Кумтөрдүн» алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматым жок

Кумтөрдүн алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу маалыматым жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Осмон Турдумамбетов жыйында: «Кумтөрдү иштетип атабыз деп атабыз. Канча алтын өндү, канча салык түштү, канчадан саттык алтынды, сатпасак каякта сактап атабыз ал алтынды. Кыска жооп берип койсоңуз, бул коомчулукту эң кызыктырган суроо», – деген суроосун берди.

Финансы министри Кумтөр бардык салыктарды төлөп жатканын бирок сатылып жаткан алтындар тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

«Алтын боюнча каякка сатылганы тууралуу маалыматым жок экен», – деди кыскача.  

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Курулуш аянттарын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жеринде көрүп чыгышты. Министр

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү

Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар кызматы "СААБ Строй" ЖЧКсы компаниясынан 4 млн 230 миң 477 сом өлчөмүндөгү салык карызын өндүрүп, каражатты Салык кызматынын пайдасына өткөрдү. Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмү аткаруу өндүрүшүнүн алкагында көрсөтүлгөн сумманы толук өндүрүүнү камсыз кылган. Белгиленгендей, аткаруу өндүрүшү Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде козголгон.

Министр Т.Солтобаев асфальт-бетон заводунун жазгы сезонго даярдыгын текшерди

Министр Т.Солтобаев асфальт-бетон заводунун жазгы сезонго даярдыгын текшерди

Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен “Сокулук №8” асфальт-бетон заводуна барып, ишкананын жазгы курулуш мезгилине болгон даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, техникалык абалын жана асфальт-бетон аралашмасын чыгаруу процесстерин жеринде көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл асфальт-бетон заводунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз