КРнын аймагындагы өзбекстандык аэропорт ишке кирди
Humo Air авиакомпаниясы 12-декабрда Фергана – Сох – Фергана багыты боюнча алгачкы каттамын ишке ашырды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматында айтылат.
Берилген маалыматка ылайык, биринчи этапта Ан-2 учактары менен жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү каттамдар аткарылат. Учуунун узактыгы 30 мүнөт.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын Сох району толугу менен Баткен облусунун аймагы менен курчалган. Өзбекстандан Сох районуна баруу үчүн Кыргызстан аймагынан 20 чакырымдай жүрүүгө туура келет.