АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алабыз, бирок 1 доза канчадан болот билбейбиз, божомол менен 10 доллардан кем болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Жыйында КР менен АӨБ ортосундагы Азия Тынч океан аймагындагы вакцинага жетүү механизми алкагындагы Covid-19га каршы эмдөө жүргүзүүнү колдоо боюнча кредиттик макулдашуунун жана гранттык макулдашуунун долбоору» боюнча баяндама жасаган Улук-Бек Бектурганов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

«АӨБдөн 25 млн доллар алып жатабыз, анын 12.5 млн кредит, 12.5 млн грант түрүндө берилет. 25 млн долларга 1.7 млн доза вакцина алабыз, бул эки дозалуу, 780 миң адамга жетет», – деди министрдин орун басары. 

Депутат Мамасадык Бакиров эгер акча так бөлүнүп жаткан болсо, вакцинанын 1 дозасы канча сомдон болуп жатканын, эмнеге баасы чечиле электиги тууралуу суроосун берип, кыска мөөнөттүү долбоорду башкарууга 245 миң доллар эмнеге бөлүнгөнүн сурады.

«Ошондо 1 дозасы канча сомдон болуп жатат? 245 миң долларды долбоорду башкарууга деп бөлүптүрсүздөр, эгер вакцинаны сатып алып жатсаңыздар, долбоор кыска мөөнөттүү болсо, эмнеге бөлгөнүңөрдү түшүнгөн жокмун», – деди Бакиров.

Бектурганов вакцинанын баасы азыр чечиле электигин, божомол менен 1 вакцина 10 доллардан кем эмес болоорун айтты. Ошондой эле АӨБдөн берилчү каражатка вакциналар 2022-жылдын аягында келерин билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, азыр калктын 25% гана эмдөөдөн өттү. 6.5 млн адамдан 70%ы эмдөөдөн өтүш керек.

Мындан тышкары окуңуз

Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Президенттин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген тапшырмалардын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Аталган жарлык жана министрликтин протоколдук тапшырмалары агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Негизги багыттардын бири — фермерлерди кооперативдерге бириктирүү аркылуу чарбаларды ирилештирүү жана

И.Кубанычбеков: Кыргызстан пахтасын экспорттоодо көйгөй бар

И.Кубанычбеков: Кыргызстан пахтасын экспорттоодо көйгөй бар

Жогорку Кенештин пленардык жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин көтөрдү. Анын айтымында, дыйкандардын эмгеги жана аракети тийиштүү деңгээлде бааланбай келет. Айрыкча пахта өстүргөн фермерлер оор абалда. "Фермерлер өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттой албай жатышат жана Кыргызстан ичинде да аны ылайыктуу баада сата алышпайт", — деди ал.

Кыргызстанда айыл чарба багытында 13 млрд 180 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат

Кыргызстанда айыл чарба багытында 13 млрд 180 млн сомдук долбоор ишке ашырылып жатат

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 мамлекеттик долбоор ишке ашырылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеңилдетилген каражаттар "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу дыйкандарга, фермерлерге жана агробизнес өкүлдөрүнө

Бишкекте 26-апрелде ишкерлер, бизнес-командалар, компания жетекчилери үчүн корпоративдик чуркоо уюштурулат

Бишкекте 26-апрелде ишкерлер, бизнес-командалар, компания жетекчилери үчүн корпоративдик чуркоо уюштурулат

Бишкек шаарында 26-апрелде "Адинай" паркында Business Run 2026 аттуу ири корпоративдик чуркоо мелдеши өтөт. Иш-чараны Соода-өнөр жай палатасы  уюштуруп жатат. Business Run 2026 ишкерлерди, компания жетекчилерин жана өлкөнүн ар тарабынан келген бизнес-командаларды бириктирген масштабдуу иш-чара катары пландалууда. Ал бейформал шартта баарлашуу жана нетворкинг үчүн аянтча болуп кызмат кылат.