Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Токмок токой чарбасында балык чарба кооперативи түзүлөт

Президенттин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген тапшырмалардын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Аталган жарлык жана министрликтин протоколдук тапшырмалары агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Негизги багыттардын бири — фермерлерди кооперативдерге бириктирүү аркылуу чарбаларды ирилештирүү жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 5 балык чарба кооперативи түзүлдү:

  • "Фиш Сары-Челек" (Аксы району, 20 мүчө);
  • "Рязань Форель" (Аксы району, 4 мүчө);
  • "Радужка" (Токмок токойчулугу, 5 мүчө);
  • "Рыбовод" (Токмок токойчулугу, 17 мүчө);
  • "Спартак Форель" (Токмок токойчулугу, 8 мүчө).

Чүй токой-аңчылык чарбасынын Токмок токойчулугунда токой фондунун аймагында балык чарбачылыгын жүргүзүү үчүн 131 субъект менен келишим түзүлгөн.

Анын ичинен:

  • 30 чарба иштеп жаткан кооперативдердин курамына кирген;
  • 20 субъект  ишмердүүлүктүн башка багыттарына өткөн;
  • ал эми калган чарбалар 8 пландалган кооперативге бөлүштүрүлгөн.

Мындан тышкары, Токмок токойчулугунун аймагында дагы кошумча балык чарба кооперативин түзүү пландалууда. Учурда кооперативдерди түзүү жана чарбаларды ирилештирүү боюнча иштери улантылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media