Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда
Баткен облусунун Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу batken.press маалымат порталы билдирди.
Лейлек районунда кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.
Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ички инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 7 млн долларды түзөт.
Берилген маалыматка ылайык, учурда биринчи этаптагы иштер 80%га аяктаган. Чакан ГЭС курулуп бүтсө айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушаары айтылууда.
Экинчи этабындагы иштер 2022-жылы кыска убакытта бүткөрүлөөрү пландалууда.