Чубак Темиров: Кыргызстанда инвесторлук маданияты өнүгө элек

Чубак Темиров: Кыргызстанда инвесторлук маданияты өнүгө элек

Кыргызстанда инвесторлук маданияты өнүгө элек. Мындай пикирин 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү барбы?» аттуу тегерек столдо Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө ички инвесторлор жок эмес, бар, бирок алар каражаттарын таптакыр башка тармактарга салышууда жана өлкөдө инвесторлук маданияты өнүгө элек.

«Бизде ички инвесторлор жок эмес, бар. Бирок алар акчаларын тойкана курууга, батир алуу сыяктуу башка жактарга салып жатышат. Алынган 20-30 батирлери турат. Биздеги инвесторлук маданияты дагы да өнүгө элек. Биринчи кезекте инвесторлорду акчаны кайсы жака салыш керектиги тууралуу үйрөтүш керек.

Бизден акчаны IT тармагына кантип салыш керектиги тууралуу көп сурашат. Баары эле кыска мөөнөттүү кирешеге кызыгышат, азыр 100 сом салса, бир айдан кийин 1000 сом алууну күтүшөт. Алар бул жогорку кирешелүү ошол эле учурда тобокелдүү бизнес экенин түшүнүшпөйт. Биз инвесторлорду 100 сомду 10 компанияга салып, бирок алардын бирөөсүнөн гана пайда алууга даяр бол деген түшүнүккө жеткиришибиз керек», – деди ал.

Ушундай эле пикирин Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев да билдирген эле.

КФБнын президентинин айтымында, бүгүнкү күндө акчасы бар кыргызстандыктар инвестиция салып, жогорку пайыздык үстөк менен киреше таба турган инструменттерди издеп жатып, криптовалютанын, каржы пирамидаларынын тузагына түшүүдө.

– Себеби рынокто ликвиддүү инструменттер жок. Жарандардын акчасын коргоо үчүн инструменттерди сунуштоо зарыл. Коңшу мамлекеттерди карап көрсөк, Өзбекстан ички инвесторлор пайда болушу үчүн капитал рыногун өнүктүрүү максатында ата мекендик IPOго 15 мыкты мамлекеттик компанияны даярдаган. Казакстан да бир топ алдыга кетти, алардын  чейин үч компаниясы Лондон биржасында катталды.

Мындан тышкары окуңуз

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Кыргызстандыктарда кофе ичүү улам көбүрөөк жайылып келатат – көп кишилер эртең менен күнүмдүк турмушун жаңы кайнатылган кофе ичүүдөн баштайт. Жыты жагымдуу бул суусундукту ала кетип же жайлуу кофеканада десертине назик чизкейк кошуп жеп, сүйүктүү даамынан ырахат алып шашпай отурса да болот. Миграцияда жүрүп тапкан акчасына Дүйшөбаевдердин үй-бүлөсү дал ушундай ишкана ачып

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Өзбекстанда жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө кошумча 200 млн доллар багытталарын президент Шавкат Мирзиёев жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, өз алдынча иштеген жаштар үчүн насыянын көлөмү 100 млн сумдан (8 миң доллар) 300 млн сумга чейин (24 миң доллар) көбөйтүлөт. Жаш ишкерлердин долбоорлоруна 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар) каражат

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөнүн аталган башкармалык билдирди. Маалыматка ылайык, арыз ээси А.Г. (ишеним каттын негизинде аракеттенген) ачык акционердик коомдордун биринин башкармалыгынын төрагасы Т.Д.га карата чара көрүүнү суранган. "Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын 15-январында ал ишенимге кирип, алдоо жолу менен Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө