Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Өзбекстанда жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө кошумча 200 млн доллар багытталарын президент Шавкат Мирзиёев жаштар менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, өз алдынча иштеген жаштар үчүн насыянын көлөмү 100 млн сумдан (8 миң доллар) 300 млн сумга чейин (24 миң доллар) көбөйтүлөт. Жаш ишкерлердин долбоорлоруна 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар) каражат берүү каралган. Инновациялык стартаптарга 100 миң долларга чейин инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Быйыл "Келажак тадбиркори" ("Келечек ишкери") программасы ишке кирип, жаш ишкерлерге 7 жылга чейин, жылдык 15% менен насыя берилет. Анын алкагында 20 млн сумга чейин (1,6 миң доллар) күрөөсүз насыя, ишин кеңейтүүгө 2 млрд сумга чейин (160 миң доллар), ал эми кеминде беш бүтүрүүчүнү жумушка алган ишкерлерге 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар) каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Ар бир аймакта жаштар бизнес-инкубаторлору ачылып, ишкерликке окутуу, бухгалтердик жана маркетингдик кеңеш берүү, рынокко чыгууга көмөк көрсөтүү кызматтары уюштурулат.

Мындан тышкары, "Янги авлод тадбиркорлари" ("Жаңы муун ишкерлери") программасы аркылуу 40 миңден ашуун жашка бизнес көндүмдөрү үйрөтүлүп, мыкты 1 миң долбоорго 200 млн сумга чейин (16 миң доллар) жеңилдетилген насыя берилет.

Ошондой эле жыл сайын "Жаш ишкерлер" сынагы өткөрүлүп, 100 мыкты долбоорду брендге айлантууга каражат бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media