«Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү» – же туура эмес позиция инвестиция тартууга кандай таасир этиши мүмкүн

«Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү» – же туура эмес позиция инвестиция тартууга кандай таасир этиши мүмкүн

Дубайда өткөн «Кыргызстан – БАЭ» бизнес-форумунун алдында ата мекендик ишкерлер 3.2 млн долларга келишим түзүштү. Социалдык тармактардын айрым колдонуучуларын бул сумма канааттандырган жок. Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев ишкерлердин ийгилигине токтолуп, инвесторлордун жана келишимдердин санын көбөйтүүгө токтолду.

«Кечээ биздин ишкерлер продукцияларды жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшканы – бул жакшы жаңылык. Социалдык тармактарда аздык кылат дегендер бизнести нөлдөн баштап көтөрүүгө аракет кылып көрүшсүнчү, анан азбы же көппү баа беришсин», – деди ал тегерек столдо.

Пономарев ошондой эле өлкөнү таанытууну жана позициялоо темасына да токтолду.

«Бизге италиялык ишкерлер келген учур эсимде. Ал кезде кыргыз балы дагы бир жолу дүйнөдөгү эң мыкты бал позициясын ээлеп турган кез эле. Биз бул жакшы кабарды италиялыктар менен бизнес кечки тамакта бөлүштүк. Алар биз үчүн кубанычта экендигин, бирок бизден бал сатып алышпай тургандыгын билдиришти. Эмне үчүн деген сурообузга Италияда Кыргызстанды эч ким тааныбайт деген жообун беришти», – деди ал.

Эксперттин айтымында, өлкөнүн брендин калыптандыруу маселеси – өкмөттүн милдети. Ошол эле учурда өлкөнү туура таанытуу абдан маанилүү.

Жакшы бренд – көп инвестор тартат

Пономарев Кыргызстандын позициясы боюнча бир нече ийгиликсиз мисалдарды келтирди. Акаевдин тушунда «Кыргызстан – Санта Клаустун өлкөсү» деген ураан чыккан эле. Санта Клаус шаарды кыдырып, Euronews каналына укмуштай акча төлөнүп, жарнама бүт дүйнөгө тараган. Натыйжада, Кыргызстанга эмес, Норвегия менен Финляндияга туристтик агымдын көбөйүшү байкалган.

Экинчи мисал, Бакиев Бишкек дүйнөнүн каржы-экономикалык борбору болот деп жар салганы. «Биздин башыбызда дүйнөнүн каржы борбору катары Бишкек эмес, Лондон, Нью-Йорк бар. Бирок Бишкек эмес», – деди ал.

Бизнес-акыйкатчынын орун басарынын айтымында, белгилүү маркетолог Джек Траут «Кыргызстан – асман тиреген тоолордун өлкөсү» деген ураанды колдонууну кеңеш кылган. «Өлкөнүн 90% тоолор. Мына ушундай позициялар жарашат», – деп кошумчалады ал.

«Өлкө бренди – инвестициялык климат үчүн абдан маанилүү учур. Алар Кыргызстан тууралуу билгенде гана инвесторлор жана келишимдер көбөйөт», – деп жыйынтыктады Пономарев.


Эске сала кетсек, Бишкекте «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» деген темада тегерек стол өткөн. Бул иш-чараны Economist.kg финансылык басылмасы уюштурган.

Мындан тышкары окуңуз

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Кыргызстандыктарда кофе ичүү улам көбүрөөк жайылып келатат – көп кишилер эртең менен күнүмдүк турмушун жаңы кайнатылган кофе ичүүдөн баштайт. Жыты жагымдуу бул суусундукту ала кетип же жайлуу кофеканада десертине назик чизкейк кошуп жеп, сүйүктүү даамынан ырахат алып шашпай отурса да болот. Миграцияда жүрүп тапкан акчасына Дүйшөбаевдердин үй-бүлөсү дал ушундай ишкана ачып

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Өзбекстанда жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө кошумча 200 млн доллар багытталарын президент Шавкат Мирзиёев жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, өз алдынча иштеген жаштар үчүн насыянын көлөмү 100 млн сумдан (8 миң доллар) 300 млн сумга чейин (24 миң доллар) көбөйтүлөт. Жаш ишкерлердин долбоорлоруна 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар) каражат

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөнүн аталган башкармалык билдирди. Маалыматка ылайык, арыз ээси А.Г. (ишеним каттын негизинде аракеттенген) ачык акционердик коомдордун биринин башкармалыгынын төрагасы Т.Д.га карата чара көрүүнү суранган. "Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын 15-январында ал ишенимге кирип, алдоо жолу менен Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө