Бажы кызматы 11 айда бюджетке 41 млрд сом төктү
Бажы кызматы 11 айда 41.4 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков маалымат жыйынында билдирди.
2020-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 67%дан ашык өскөн.
Кубанычбеков ошондой эле бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына токтолду. Алсак, 11 айда 2227 бажылык укук бузуу фактылары аныкталып, алар боюнча 2070 мыйзам бузуу фактылары ачылып, 9.5 млн сом айып өндүрүлүп, 132.4 млн сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.
Мындан тышкары, бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 157 материалды кароонун жыйынтыгы боюнча 93.9 млн сом зыяндын орду толтурулган. Жалпысынан мамлекеттик бюджетке кошумча кирешелер 235.8 млн сомду түзгөн.