Курманбек Бакиевдин жээни электромобилдерди чыгарган компанияга ээлик кылбайт

Курманбек Бакиевдин жээни электромобилдерди чыгарган компанияга ээлик кылбайт

Экс-президент Курманбек Бакиевдин жээни Сымбат Марабек электромобилдерди чыгарган Spark компаниясына ээлик кылбайт. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Spark компаниясынын негиздөөчүсү Искендер Сулейманов билдирди.

«Негизи ишкана Сымбатка тиешелүү эмес. Ал кызматкер жана адис катары компанияга жардам берет. Биз аны компетенттүүлүгүнөн улам жумушка алганбыз. Ал бул бизнеске жеке салым кошкон эмес, ал компанияда кызматкер катары гана иштейт. Биз чындап эле Кыргызстанга 100 электромобилди алып келүүнү пландап жатабыз, алар үчүн жеке кардарлардан, юридикалык жактардан жана такси компанияларынан алдын ала буйрутмалар бар», – деп түшүндүрдү компаниянын жетекчиси.

Ал ошондой эле компания саясатка тиешеси жок экенин жана толугу менен жеке инвестициянын жардамы менен негизделгенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, osoo.kg маалымат базасына ылайык, Spark электромобилдерин сатуучу компания 2021-жылдын 11-майында катталган. Анын негиздөөчүсү жана жалгыз ээси Искендер Сулейманов болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, жакында эле ЖМКда Курманбек Бакиевдин жээни электромобилдерди саткан компанияга ээлик кылгандыгы тууралуу маалымат тараган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Радиочудан бар ээсине чейин: баткендик журналисттердин үй-бүлөсү кантип кофекана ачкан?

Кыргызстандыктарда кофе ичүү улам көбүрөөк жайылып келатат – көп кишилер эртең менен күнүмдүк турмушун жаңы кайнатылган кофе ичүүдөн баштайт. Жыты жагымдуу бул суусундукту ала кетип же жайлуу кофеканада десертине назик чизкейк кошуп жеп, сүйүктүү даамынан ырахат алып шашпай отурса да болот. Миграцияда жүрүп тапкан акчасына Дүйшөбаевдердин үй-бүлөсү дал ушундай ишкана ачып

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 мектептин курулушу башталды

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында - 20, Ош шаарында - 10 жана Манас шаарында - 6 жаңы мектептин курулушу пландалган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Ш.Мирзиеев жаштар ишкерлигин өнүктүрүүгө 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирди

Өзбекстанда жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө кошумча 200 млн доллар багытталарын президент Шавкат Мирзиёев жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, өз алдынча иштеген жаштар үчүн насыянын көлөмү 100 млн сумдан (8 миң доллар) 300 млн сумга чейин (24 миң доллар) көбөйтүлөт. Жаш ишкерлердин долбоорлоруна 10 млрд сумга чейин (800 миң доллар) каражат

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык менен батир саткан жаранды кармады

Октябрь РИИБине алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөнүн аталган башкармалык билдирди. Маалыматка ылайык, арыз ээси А.Г. (ишеним каттын негизинде аракеттенген) ачык акционердик коомдордун биринин башкармалыгынын төрагасы Т.Д.га карата чара көрүүнү суранган. "Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын 15-январында ал ишенимге кирип, алдоо жолу менен Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө