Донорлор берген 50 млн доллардын 3 млн доллары консультациялык кызматка, 4 млн доллары күтүүсүз чыгымдарга сарпталат
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга бере турган 50.65 млн доллардын 3 млн доллары консультациялык кызматка кетет. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Комитеттин төрагасынын орун басары Улан Примов 8.8 млн доллар курулуш жумуштарына, консультациялык кызматка 3 млн доллар кетээрин жана бул чоң сумма экенин айтып, анын баасын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы деген суроолору менен Финансы министринин орун басары Руслан Татиковго кайрылды.
Татиков өз кезегинде бул донорлордун шарты экенин айтып, бирок 3 млн доллар консультациялык кызмат үчун көп экенин айтып, сөздү мериянын кызматкерлерине берди. Алар бул сумма башында 6 млн доллар болгонун жана аны 2 эсеге азайтышканын билдиришти.
Ошондой эле бул долбоордон дагы 4 млн доллар күтүүсүз чыгымдарга каралган.
Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50.65 млн доллар берет. Анын жарымы грант, жарымы кредит түрүндө берилет.