Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин аларды Түркияга экспорттоо долбоорун ишке ашыруу шылтоосу менен андан 35 500 доллар алган. Белгиленгендей, мындай өсүмдүктөрдүн уругунун 1 килограммынын баасы 3 миң доллар турат.

Билдирүүдө айтылгандай, 2025-жылдын октябрь айында чет өлкөлүк инвестор алдамчылык фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ИИМге кайрылган. Бирок арыз ээсинин катышуусунда тийиштүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, ИИМдин тергөө органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган.

2026-жылдын 27-январында Түркиянын жараны бул маселе боюнча кайрадан УКМКга кайрылган. Андан соң материалдар прокуратура органдары аркылуу УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлгөн.

2026-жылдын 24-февралында Э.М.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Талас шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media