Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт

Кыргызстанда «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатып, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү керек. Анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөр да бар. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу пландаштырылууда.

Анын алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетине «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин түзүү, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери улантылууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, мектеп 560 окуучуга ылайыкталган. Белгилей кетсек, билим берүү мекемесинин

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта инвестордун акчасын мыйзамсыз ээлеп алган милиция кызматкери кармалды

Таласта милиция кызматкери Түркия жарандарынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны аныктоо иштеринин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери Э.М.А.ны кармады. Тактап айтканда, Э.М.А. өзүнүн кылмыштуу ниетин

Кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөргө айланганда: баткендик ишкер кантип жаңы бизнес ачты

Кыйынчылыктар мүмкүнчүлүктөргө айланганда: баткендик ишкер кантип жаңы бизнес ачты

Өз бизнесиңди нөлдөн баштоо оңой иш эмес. Муну Максат айылынын тургуну Рахмонберди Рахмонбердиев да жакшы билет. Үй-бүлөсүн багып, өз ишин ачуу үчүн акча табуу максатында ал эмгек миграциясына кетүү тууралуу оор чечимди кабыл алууга аргасыз болгон.  Өз жолун табуу аракети. Орусияда өткөн жылдар Рахмонберди 40 жашта, бүгүнкү күндө жубайы экөө

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды

Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин