Президент 2022-жылдын бюджетин бекитти — 282 млрд сом киреше күтүлүүдө

Президент 2022-жылдын бюджетин бекитти — 282 млрд сом киреше күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282.1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63.2%га же 109.2 млрд сомго көбөйгөн.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295.8 млрд сомду жана 312.2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291.2 млрд сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109.9 млрд сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303.5 млрд сомду жана 303.8 млрд сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9.1 млрд сомду же ИДПга карата 0.8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7.7 млрд сом же ИДПга карата 1% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8.3 млрд сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403.9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Сот аткаруучуларга гонорар төлөө эрежеси өзгөрөбү?

Сот аткаруучуларга гонорар төлөө эрежеси өзгөрөбү?

Башкы прокуратура сот аткаруучуларга гонорар төлөө тартибин өзгөртүүнү пландап жатканын Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди. Анын айтымында, учурда өндүрүлгөн каражаттын 10%ы кармалып, анын бир бөлүгү кийин сот аткаруучуларга айлык маянасына кошумча гонорар

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7 млрд 470 млн сом же болжол менен 85,3 млн доллар жумшаганы Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн. Анын ичинде тышкы карызды төлөөгө 3 млрд 48,2 млн сом (34,8 млн доллар), ал эми ички карызды жабууга 4 млрд 421,8

Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2025-жылы жарандарга 147 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп бергенин "Биринчи радиого" берген маегинде компенсациялар жана камсыздандыруу төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын түзүлүшүнүн негизги максаты — жарандарды өрт кырсыктары, табигый апааттар жана башка өзгөчө кырдаалдарда турак жайынан же мүлкүнөн ажырап калган

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

“Ишкер айымдар” ментордук программасынын юбилейлик сезонуна чакан жана орто бизнесте кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алышат. Анкеталарды толтуруунун мөөнөтү – 2026-жылдын 2-мартына чейин. Кыргызстанда “Ишкер айымдар” ментордук программасынын бешинчи юбилейлик сезонуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана экономикадагы аял-лидерлердин ролун бекемдөөгө багытталып, Европа реконструкциялоо