Жакында күйүүчү май дагы 4-6 сомго кымбаттайт

Жакында күйүүчү май дагы 4-6 сомго кымбаттайт

Кыска мөөнөттүү божомолго ылайык, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) баасы бир айдын ичинде кайра көтөрүлөт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргенин 24.kg кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, бензин – 4 сомго, дизель майы – 6 сомго чейин кымбаттайт. Бул Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда КММнын сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу болууда.

«Казакстандан мунай продуктуларын алып келүү мүмкүн эмес. Ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн коңшу республикада мунай азыктарын экспорттоого тыюу салынды», – деп айтылат ассоциациянын маалыматында.

КММ биржалык товар болуп саналат жана баалар мунайдын баасынын биржалык котировкасынан көз каранды. Эгерде 2020-жылдын декабрында Brent мунайынын бир баррели болжол менен 43-44 долларды түзсө (ноябрь айында 80 долларга жеткен), ICE биржасынын маалыматына ылайык, 2022-жылы 19-январда анын баррели 89.11 доллардан сатылды. Бул 2014-жылдын 13-октябрынан берки рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча депозиттердин көлөмү 879 млрд сомго жеткенин маалымат жыйында  Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков билдирди. Ал белгилегендей, депозиттик базага улуттук валютадагы депозиттер көп түшө баштаган. Бул Улуттук банктын экономиканы дедолларизациялоо саясаты менен байланыштуу. "Азыркы учурда республикадагы долларизация деңгээли эң төмөнкү деңгээлде турат, ал эми улуттук

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Учурда өлкө боюнча 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул борборлор кайра иштетүүчү ишканалардын базасында же алардын продукциясын тейлеген өз алдынча экономикалык субъект катары кызмат көрсөтөт. Борборлордо айыл чарба

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

КРнын банк сектору туруктуулукту көрсөтүп жатат. Банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 %га же 865,9 млрд сомго чейин өсүп, банк системасына болгон калктын ишенимин көрсөтүп, элдин акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Мындай маалыматты  Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын төрагасы Азат Козубековдун айтымында, коммерциялык банктардын кредит портфели 2025-жылы 48,

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөнонүн агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди. Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган. * Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң; * Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800; * Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң; * Спортту