Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

КРнын банк сектору туруктуулукту көрсөтүп жатат. Банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 %га же 865,9 млрд сомго чейин өсүп, банк системасына болгон калктын ишенимин көрсөтүп, элдин акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Мындай маалыматты  Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын төрагасы Азат Козубековдун айтымында, коммерциялык банктардын кредит портфели 2025-жылы 48,8 пайызга көбөйүп, экономиканын реалдуу секторунун жигердүүлүгүн чагылдыруу менен 507,0 млрд сомду түзгөн. 

“Көбүнчө кредиттик тармактар соода-сатык, кызмат көрсөтүү, айыл-чарбасы жана керектөө кредиттери бойдон калууда. Ошондой эле депозиттик портфель да өзүнүн өсүшүн көрсөтүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 879 млрд сомго барабар болду жана анын басымдуу бөлүгү кыргыз сомундагы депозиттер” – деди төраганын орун басары.

Мындан сырткары Улуттук банктын өкүлү эл аралык камдын көлөмү бүгүнкү күндө 10 млрд АКШ долларынын тегерегинде сакталып тургандыгын жана анын көлөмүнүн өсүшү көбүнчө алтындын баасына көз каранды экендигин билдирди.  Анын айтымында, бул көрсөткүч Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык резервдердин деңгээли боюнча рекорддук болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media
Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media