1-марттан баштап чет элдик жарандар үчүн «жашыл коридор» жабылат

1-марттан баштап чет элдик жарандар үчүн «жашыл коридор» жабылат

Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын («жашыл коридор») мөөнөтү такталды – ал 2022-жылдын 1-мартынан башталат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

COVID-19 илдетинин жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулгандыгына байланыштуу КРнын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар КРнын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген болчу.

Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган «жашыл коридорду» 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Андыктан, КРнын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же КРнын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виз, каттоо) тариздөө сунушталат.

Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып кирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар КРдан чыгуусу айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу визасы таризделгенден кийин гана мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылуу керек: (+996) 312 66-30-70, (+996) 703 42-88-65 (+Whatssapp), Instagram: @visacenterkg, Telegram: @visacenterkg.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39