Дастан Бекешев президенттин дипломунун жасалма эместигинен күмөн санады

Дастан Бекешев президенттин дипломунун жасалма эместигинен күмөн санады

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты. Бул мыйзамсыз, анткени Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүндө депутатты мандатынан ажыратуу боюнча толук тизме берилген. Ал депутаттыкка талапкер эмес, ал депутат. Бул тууралуу пикирин жана президенттин өзүнүн дипломунун жасалма эместигинен да күмөн санаган оюн Дастан Бекешев өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Бекешев тажрыйба жана практика көрсөткөндөй, жогорку билим менен билимдүү болуу эки башка түшүнүк экенин айтат, өзгөчө Кыргызстанда. «6-чакырылыштын депутаттарынын баарынын дипломдору бар эле, эмне өзгөрдү? Биздин санариптик өнүктүрүү министрибиз 30 жашында университетти сырттан бүтүрүп, азыр министр, бирок аралыктан окуу мезгилинде ал окуу программасын өздөштүрө алганына күмөнүм бар. Ушул күнгө чейин диплому бар, бирок араң окуган депутаттар бар», – деди Бекешев.

Депутат андан тышкары, президент Садыр Жапаров менен бир жылда, бир университетте окуганын, бирок ал тууралуу эми билгенин да айтты.

«Президент Садыр Жапаров КРСУнун юридика факультетин мен окуган жылы бүтүргөн экен (бул тууралуу жаңы эле билдим), бирок анын группалаштары кимдер, ал азыр мамлекет жана укук теориясын эстейби?», – деди депутат.

  • Белгилейт кетсек, Садыр Жапаров аталган университетти 2006-жылы бүтүргөн.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. 2022-жылдын 24-январында башталып, 3 айга созула турган бул иш-чаранын жыйынтыгында, УКМК билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

«Дипломго коюлган бул талап эмнени берет? Учурда, эч нерсе. Менин штабымда ЖОЖду бүтө элек жаш жигиттер иштечү, бирок алар компьютердик сабаттуулугу, тил билүү, жөндөмү, жөндөмү жагынан көптөгөн чиновниктерден өйдө турчу. Бул талапты жокко чыгаруу керек, мен Нарматовага сотко кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанууну сунуштайм», – деди Бекешев.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча депозиттердин көлөмү 879 млрд сомго жеткенин маалымат жыйында  Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков билдирди. Ал белгилегендей, депозиттик базага улуттук валютадагы депозиттер көп түшө баштаган. Бул Улуттук банктын экономиканы дедолларизациялоо саясаты менен байланыштуу. "Азыркы учурда республикадагы долларизация деңгээли эң төмөнкү деңгээлде турат, ал эми улуттук

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Учурда өлкө боюнча 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул борборлор кайра иштетүүчү ишканалардын базасында же алардын продукциясын тейлеген өз алдынча экономикалык субъект катары кызмат көрсөтөт. Борборлордо айыл чарба

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

КРнын банк сектору туруктуулукту көрсөтүп жатат. Банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 %га же 865,9 млрд сомго чейин өсүп, банк системасына болгон калктын ишенимин көрсөтүп, элдин акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Мындай маалыматты  Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын төрагасы Азат Козубековдун айтымында, коммерциялык банктардын кредит портфели 2025-жылы 48,

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөнонүн агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди. Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган. * Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң; * Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800; * Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң; * Спортту