Кимдер салык режимин тандоо арызы менен салык органына кайрылууга тийиш? – Жооп

Кимдер салык режимин тандоо арызы менен салык органына кайрылууга тийиш? – Жооп

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 28-январына чейин салык төлөөчүлөрдүн кайсы категориялары салык режимин тандоо жөнүндө арызы менен салык органдарына кайрылуусу керектигин түшүндүрөт.

2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуудан салыктын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылуулары зарыл.

Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.

  • Төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет.
  • Жылдык кирешеси 30 млн сомго чейинки жалпы салык режиминдеги төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат. Эгерде алар КНС төлөөчү катары катталган болсо, КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылат.
  • Салык төлөөчүлөрдүн калган категориялары салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.

Эске салсак, жаңы Салык кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Белгиленген графикке ылайык, салык органдарынын «Бирдиктүү терезелери», Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Дыйкандык чарбалардын укуктук статусу өзгөртүлөбү?

Дыйкандык чарбалардын укуктук статусу өзгөртүлөбү?

2026-жылдын 24-февралында  Айыл чарба министрлиги дыйкандык жана үй-бүлөлүк фермердик чарбалардын укуктук статусу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ бир нече мыйзамдардагы нормаларды, анын ичинде Жарандык жана Салык кодекстерин жаңылоону сунуштайт, ошондой эле "Дыйкандык чарбасы жөнүндө" мыйзамын "Дыйкандык жана үй-бүлөлүк фермердик чарба жөнүндө" мыйзам деп

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,