Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү

Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү

Үрөн сатып алууга Айыл чарба министрлигине 1 млрд сом бөлүндү. Министрлик бул каражатка Россиядан 15 миң тонна үрөн сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, вегетация, жазгы талаа иштери башталганга чейин алмаштыруучу жана жаңылануучу сорт үчүн 15 миң тоннага жакын үрөндү алып келип, бөлүштүрүп, дыйкандарга жеткирүү пландалууда.

«Үрөн сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка 15 миң тоннага жакын үрөн сатып алууну пландап жатабыз. Ал жерде беде, күн карама, буудай, арпа, буурчак, соя уруктары болот», – деди министр.

Мындан тышкары Жаныбеков Россияда айыл чарба үрөндөрүн өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, келишимдерге кол койгонун кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча депозиттердин көлөмү 879 млрд сомго жеткенин маалымат жыйында  Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков билдирди. Ал белгилегендей, депозиттик базага улуттук валютадагы депозиттер көп түшө баштаган. Бул Улуттук банктын экономиканы дедолларизациялоо саясаты менен байланыштуу. "Азыркы учурда республикадагы долларизация деңгээли эң төмөнкү деңгээлде турат, ал эми улуттук

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Учурда өлкө боюнча 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул борборлор кайра иштетүүчү ишканалардын базасында же алардын продукциясын тейлеген өз алдынча экономикалык субъект катары кызмат көрсөтөт. Борборлордо айыл чарба

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

Банк тармагына элдин ишеними артып, банкта акча кармоо өсүп жатат

КРнын банк сектору туруктуулукту көрсөтүп жатат. Банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2025-жылы 46,2 %га же 865,9 млрд сомго чейин өсүп, банк системасына болгон калктын ишенимин көрсөтүп, элдин акча топтоо аракетинин күчөшүн чагылдырууда. Мындай маалыматты  Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын төрагасы Азат Козубековдун айтымында, коммерциялык банктардын кредит портфели 2025-жылы 48,

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөнонүн агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди. Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган. * Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң; * Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800; * Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң; * Спортту