Республика боюнча 1000ге жакын маморган электрондук документ жүгүртүү системасына кошулду

Республика боюнча 1000ге жакын маморган электрондук документ жүгүртүү системасына кошулду

Бүгүнкү күнү «InfoDocs» электрондук документ жүгүртүү системасы 941 мамлекеттик органда, анын ичинде алардын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өнөр жайлык иштөө режимине киргизилген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Айтсак:

  • 452 айыл өкмөтүнөн – 400
  • 32 шаардын мэрияларынын ичинен – 29
  • 32 шаардык кеңештин ичинен – 13
  • 40 райондук мамлекеттик администрациядан – 35
  • 7 облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн – 6
  • 28 министрликтердин жана ведомстволордун борбордук аппаратында
  • президенттин Администрациясында
  • президенттин Иш башкармалыгында
  • мамлекеттик органдардын 430 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө киргизилген.

Мамлекеттик органдарда система киргизилгенден бери жалпысынан 2 млн 492 миң документ катталган. Жалпысынан 35 миң мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери системанын колдонуучулары.

Бүгүнкү күндө КРнын президентинин Администрациясы, Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Юстиция министрлиги жана Улуттук статистикалык комитети менен документ алмашуулары электрондук форматта электрондук документ жүгүртүү системасында гана жүргүзүлүп жатканын ведомстводон белгилешти.

Бүгүнкү күндө айыл өкүмөттөрүнүн кошулуу пайызы 88% түзөт, анын ичинен:

  • Талас облусу – 100%
  • Баткен облусу – 100%
  • Жалал-Абадская облусу – 98%
  • Ысык-Көл облусу – 98%
  • Нарын облусу – 94%
  • Ош облусу – 76%
  • Чүй облусу –74%.

Эске салсак, «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы – бул мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматташтыруу жана документтерди электрондук форматка өткөрүү үчүн арналган маалыматтык система, бул документ жүгүртүүнү натыйжалуу башкарууга, борборлоштуруп сактоого мүмкүндүк, документтер боюнча иштердин аткарылышын контролдоону жогорулатуу, кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн маалымат алууну жеңилдетүү жана иш кагаздарын жүргүртүүдөгү чыгымдарды азайтуу болуп саналат.

Анын негизги модулдары тескемелердин, буйруктардын, документтеринин кириш жана чыгыш электрондук базасын автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет. Жетекчи чексиз сандагы иш аткаруучулар үчүн ар кандай даталар, резолюциялар менен тапшырмаларды түзүп, ошондой эле алардын аткарылышын көзөмөлдөй алат.

Колдонуучу бир эле учурда бир нече буйрук менен иштей алат. Ар бир документке автоматтык түрдө номер ыйгарылат. Электрондук отчетторду жана архивдерди түзүүгө болот.

Электрондук документ жүгүртүү системасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39