Садыр Жапаров Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөнү чын – ректор

Садыр Жапаров Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөнү чын – ректор

Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктагандыгын расмий тастыктайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда журналисттерге аталган университеттин ректору Владимир Нифадьев билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Facebook баракчасында жасалма диплому үчүн депутаттык мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова тууралуу айтып жатып, президенттин дипломунун жасалма эместигинен күмөн санаган оюн билдирген болчу. Анда депутат президент Садыр Жапаров менен бир жылда, бир университетте окуганын, бирок ал тууралуу эми билгенин айткан эле. «Президент Садыр Жапаров КРСУнун юридика факультетин мен окуган жылы бүтүргөн экен (бул тууралуу жаңы эле билдим), бирок анын группалаштары кимдер, ал азыр мамлекет жана укук теориясын эстейби?», – деген эле Бекешев.

Окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев Жапаров дипломдук ишин мыкты жактаганын билдирди. «Ал 2006-жылдын 19-майында «КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы» деген темадагы дипломдук ишин «эң жакшы» деген баага жактаган. Садыр Жапаров КРСУнун бардык бүтүрүүчүлөрү сыяктуу эле кыргыз жана орус үлгүсүндөгү дипломдорду алган», – деди Нифадьев.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. 2022-жылдын 24-январында башталып, 3 айга созула турган бул иш-чаранын жыйынтыгында, УКМК билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39