КР менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 1.3 млрд долларга жетти

КР менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 1.3 млрд долларга жетти

2021-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 1.3 млрд долларды түздү. Бул тууралуу 22-январда Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Кыргыз-кытай жергиликтүү товарлардын эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди.

Баясовдун айтымында, импорт1.2 млрд долларды, ал эми экспорт – 59 млн долларды түзгөн. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода 80%га өскөнүн, бул дүйнөлүк тышкы инвестициянын агымынын көбөйүшү менен байланыштуу экендигин белгиледи.

Ошону менен бирге, январь-сентябрь айларында Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 139 млн долларды (бардык түз инвестициялардын үлүшүнөн – 28%), өсүү 122%ды түзгөн.

Белгилей кетсек, көргөзмөнү Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтыгы Ассоциациясы Инвестициялык агенттиктин активдүү жардамы менен уюштурган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39