«Кыргызкоммерцбанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде жаңы дайындоолор болду

«Кыргызкоммерцбанк» менен «Керемет Банктын» директорлор кеңешинде жаңы дайындоолор болду

Улуттук банк «Кыргызкоммерцбанк» ААК менен «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жөнгө салуучунун сайтында маалымат берилди.

Ага ылайык:

1. Улуттук банк «Кыргызкоммерцбанк» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Воинце Мирвета Ильясовнанын талапкерлигине макулдук берди.  

2. Улуттук банк тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/ көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Давлесов Айбек Насыровичтин талапкерлиги жактырылды. 

3. Улуттук банк «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Карпович Станислав Евгеньевичтин талапкерлигине макулдук берди. 

4. Ошондой эле «Керемет Банк» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Мамытова Кастору Касымбековнанын талапкерлиги жактырылды. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук долбоору 2027-жылдын 1-январында иштей баштайт

Кыргызстанда санарип сомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн күндөн тартып санарип сомдун пилоттук долбоору күчүнө кирет, андан кийин санарип сом расмий түрдө ишке киргизилет. Азыркы учурда Улуттук банкы долбоорду

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды. Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39