Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иликтөө иштери жүрмөйүнчө электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин атабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын түштүгү бирдиктүү энергетикалык шакекчеде иштешет.

«Бул биз үчүн ишеничтүү. Бирок бүгүн мен комментарий айткым келбеген жагдай болду. Тергөөлөр болот, кийин эмне болгонун жарыялайбыз. Бирок биз бир тууган элдербиз жана чогуу иштешибиз керек экенин белгилегим келет. Союздун тушунда болгон энергетикалык шакекче ишенимдүү иштеп жатат», – деди министр.

Министр учурда ар бир өлкө өзүнүн иштөө режимин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат, андан кийин республикалар кайрадан бир шакекчеге кошулушаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр жарыгы өчтү. Анын себеби катары Казакстандагы чыңалуудан чыккан авария айтылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузакта цитрус бактарын өстүргөн дыйкан быйыл лимондон 800 кг түшүм алды

Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйкан акыркы 2 жылдан бери климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. Мандаринди сыноо үчүн отургузган дыйкан учурда жакшы түшүм алып, лимон жана башка тропикалык өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Заманбап агротехникалык

Жалал-Абадда ишкерлердин укуктары жана инвестиция маселелери талкууланды

Жалал-Абадда ишкерлердин укуктары жана инвестиция маселелери талкууланды

Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын алдындагы Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш жыйыны болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди. Жыйынга аймактагы мамлекеттик органдардын жетекчилери, ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө ишкерлерге негизсиз текшерүүлөр болбошу, укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү

“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

“Кыргызфармациянын” ишин текшерүүгө атайын комиссия түзүлөт

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүү чечимин жарыялады. Бул тууралуу ал Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барганда билдирди. Министрлик маалыматына ылайык, Досмамбетов балдар үчүн өмүргө зарыл дары-дармектерди сатып алуудагы ачык эмес жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Күн мурун, 16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык