"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат кылууда. Жалпы трассалардын узундугу 250 километрди түзөт.

Долбоордун аянты дээрлик 4 миң гектар жана ал 2038-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Аягына чейин курортто 7 миң номердүү мейманканалар курулуп, жылына 4 млн туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, 7 миңден ашык жумушчу орундар пайда болот.

Биринчи этапта Жыргалаң курортунда Австриялык Doppelmayr компаниясы аркандуу жолдорду куруу боюнча иштеп жатат. Компания бардык көтөрүүчү инфраструктураны долбоорлоштуруу жана монтаждоо менен алектенет. Учурда изилдөөлөр жана курулуш графиктен алдыда жүрүп жатат.

Мамлекет, Экономика министрлиги  аркылуу, "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жалгыз акция ээси катары базалык коммуникацияларды — жолдор, байланыш линиялары, суу жана электр тармактарын курууну камсыз кылууда.

Инвесторлор үчүн долбоорго кирүүнү жеңилдеткен "бирдиктүү терезе" принциби иштеп жатат. 2025-жылдын июлунда аукцион аркылуу 14 объект сатылган, ал эми 2026-жылдын февраль аягында "Жыргалаң" туристтик шаарчасынын 35тен ашык участогу аукционго чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media