Улуттук энергохолдинг: Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн

Улуттук энергохолдинг: Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн

Кыргызстандын энергетика системасы Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык шакеги авариялык өчүүдөн кийин этап-этабы менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу «Улуттук Энергохолдингдин» маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, КР Энергетика министрлигинин тапшырмасы боюнча энергетикалык компаниялар Бирдиктүү энергетикалык шакекти айланып өтүп, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоону этап-этабы менен калыбына келтирүүнү баштады.

«Республиканын ири өнөр жай ишканалары нормалдуу иштеп жатат. Алдын ала маалым болгондой, Борбордук Азиянын энергетикалык системасындагы бузулуу региондун энергетикалык системаларынын биринде болгон. Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн», – деп айтылат билдирүүдө.

Авариялык өчүрүүнүн жагдайлары иликтенүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы темир жол жүргүнчүлөрү 60%га көбөйгөн

Кыргызстанда 2025-жылы темир жол жүргүнчүлөрү 60%га көбөйгөн

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 2025-жылы жүргүнчүлөр агымы дээрлик 60%га, ал эми жүргүнчү жүгүртүүсү 70%дан ашыкка өстү. Жалпы 432,5 миң жүргүнчү ташылган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул көрсөткүч 271,6 миң адамды түзгөн. Негизги өсүш ички каттамдардын эсебинен камсыздалды. 2024-жылы

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду. 2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат