Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат

Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат

Интернет сайттардын 80% кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын уруксатсыз чогултат. Мындай маалыматты Интернет коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн изилдөөчүсү Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда өз кызматтарын жана товарларын саткан 500дөн ашык интернет сайттарды изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде билдирди.

Жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, 28-январда «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «КРгы жеке маалыматтарды коргоо» виртуалдык тегерек столу өткөрүлөт.

Жыйындын уюштуруучулары кыргызстандыктардын жеке маалыматтары интернет мейкиндигинде кантип корголгондугу боюнча илимий эмгектерин сунушташат. Интернет коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн изилдөөчүсү Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда өз кызматтарын жана товарларын саткан 500дөн ашык интернет сайттарды изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырууда. Жылдыз Тегизбекова жеке маалыматтарды коргоонун укуктук механизмдери тууралуу айтып берет.

Интернет-эксперттердин айтымында, изилденген компаниялардын басымдуу көпчүлүгү жеке маалыматтарды мыйзамсыз чогултушат. Чогултулган жеке маалыматтардын тизмеси (аты-жөнү, дареги, банк картасынын номерлери жана башка маалыматтар) жөнүндө колдонуучуларга кабарлашпайт, ошондой эле алардын укуктары жөнүндө маалымат беришпейт. Ошондой эле колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо шарттары, аларды коргоо, чогултуу жана иштетүү максаттары жөнүндө да кабарлашпайт.

«Биздин изилдөөбүз боюнча, жеке маалыматтарды чогулткан 180 веб-сайттын 35и гана маалыматтарды чогултууга элдин макулдугун сурайт. Мындан тышкары, веб-сайттардын 40% Кыргызстандын сыртында жайгашкан. Ошол эле учурда алты гана компания макулдук формасында трансчек аралык маалыматтарды берүү боюнча пункттарды көрсөттү», – деп белгилейт Нурбек Арзымбаев.

Эксперттер ошондой эле КР тиешелүү мыйзамдарын кылдат изилдеп чыгып, өлкөнүн мыйзамдарында олуттуу кемчиликтер бар деген бүтүмгө келишкенин белгилешти. Мисалы, макулдуктан баш тартуу укуктары так жазылган эмес. Электрондук макулдукту (электрондук кол тамга гана) берүүдөгү кыйынчылыктар бар, жеке маалыматтардын агып кетиши жөнүндө кабарлоонун стандарттары жок, маркетингдик каттарга жана балдардын жеке маалыматтарын коргоого жазылуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк жок.

Ошондой эле алар маалыматтардын сыртка чыгып кеткен учурларынын бири менен бөлүшүштү.

«Изилдөөнүн жүрүшүндө жарандар ПЦР анализин тапшырган ооруканалардын бирине суроо-талап жөнөттүк. Тесттин жыйынтыгын ала турган WhatsApp телефон номурлары бар маалымат бар болчу. Ал маалыматты колдонуп, биз бир өтүнүч менен ошол күнү текшерүүдөн өткөн адамдардын толук тизмесин (103 адам) ала алдык. Анда толук аты-жөнү, туулган күнү жана ПЦРдин жыйынтыгы көрсөтүлгөн. Ар кайсы өлкөлөрдө ушуга окшош маалыматтардын ачыкка чыгышы 2020-жылы ар кандай зомбулука алып келген. Бул жеке маалыматтар боюнча мыйзамдарды сактабоонун жакшы мисалы болуп саналат» – деп айтылат билдирүүдө.

  • Тегерек стол онлайн режиминде 2022-жылдын 28-январында бул шилтеме боюнча өтөт.
  • Башталышы саат 10.00.  

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.